Нарын облусундагы бир катар жолдордо профилировка иши жүрүүдө
- 125 просм.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан асфальт төшөлө элек автожолдорду калыбына келтирүү максатына автогрейдердин жардамы менен сүрүп – түздөө иштери уланууда.
Жол бетин тегиздөө иштери муктаждыгына жараша ар ай сайын жүргүзүлүп турат. Учурда Нарын облусунун Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 5-30 чакырым аралыгында №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан автогрейдер менен жол бетин кырып тегиздөө, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Арал-Миң-Куш авто жолунун 0-24 чакырымдар аралыгында жол бетин тегиздөө иштери аткарылууда.
Ал эми, Ак-Талаа районунда № 15 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Баетов-Макмал унаа жолунун 8,5-90 чакырымына чейин, шагыл жолду автогрейдер менен тегиздөө пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы