Нарын облусундагы бир катар жолдорго сүрүп, түздөө иштери жүргүзүлдү
- 74 просм.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда № 15 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Акталчат-Жогорку Май унаа жолунун 0-23 чакырым аралыгында жана Баетов-Макмал унаа жолунун 8,5-90 чакырымына чейин шагыл жолду автогрейдер менен сүрүп, түздөө (профилировка) иштери аяктады.
Ушундай эле тегиздөө иштери Кочкор районундагы айылдар аралык жолдорунда жүрдү. № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кум-Дөбө-Шамшы унаа жолунун 0-31-чакырым аралыгында жана Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 0-68-чакырымында да сүрүп, түздөө иштери жүргүзүлдү.
Жогоруда айтылган жол тегиздөө иштери ай сайын муктаждыкка жараша жүрүп турат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы