Нарын-Баетов: Жумуштар 3 тилкеде жүрүп жатат
- 62 просм.
Нарын-Баетов унаа жолунда 8-13, 33-38, жана 84-120-чакырымдар аралыгында капиталдык ондоо иштери кызуу жүрүүдө.
Учурда жолдун 84-120-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери башталып, жарым чакырымдан ашык жол жасалды. Ал эми калган эки тилкеде жер жумуштары жүрүп жатат.
2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесине ылайык, Нарын-Баетов унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы