«Нарын» аэропортунун учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө
- 67 просм.
2-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Нарын» аэропортунун учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө иштерин текшерип барды.
Сыргабаев иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу, талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, министр Абсаттар Сыргабаев Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнө асфальт басуу жумуштарын тездетүү керектигин эскертти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы