Нарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу уланат
- 202 просм.
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы улантат.
Бүгүнкү күндө курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 км ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы