mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Мырзаке-Кара-Шоро жолунда каттам жанданды

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, убактылуу жабылып калган Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда каттам жанданды.

Тазалоо иштерине “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Тынымсыз жүргөзүлгөн жумуштардын жыйынтыгы менен Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырымдар аралыгы калыбына келтирилип, каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы