Министр Т. Солтобаев Талас облусуна иш сапар менен барды
- 18 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапар менен барды.
Иш сапардын алкагында министр Талас облусундагы Жол чарба департаментинин Аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды.
Ошондой эле «Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорунун аткарылышы текшерилип, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди.
Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып, “Кичи-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдары жүргүзүлүп, долбоордун кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Мындан тышкары, министр Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасынын тазалоо иштерин да кɵзɵмɵлдɵдү. Ал коопсуздукту камсыз кылуу жана жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз каттам уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министри жооптуу кызматкерлерге берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну, жолдун сапатына, мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө жана коопсуздук талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.