mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Т. Солтобаев «Бостон консалтинг групп» компаниясынын өкүлү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.О. Солтобаев «Бостон Консалтинг Групп» компаниясынын өкүлү Андрей Лукьянов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн темир жол инфраструктурасынын потенциалын жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясын жана «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал» темир жол маршрутун талкуулашты. Ошондой эле, долбоорлорду коштоону жана инвестициялык долбоорлорго негиздеме түзүү боюнча пикир алмашышты.
Министрлик «Бостон Консалтинг Групп» компаниясы менен бирдиктүү иш алып барууга макулдугун билдирди жана биргеликте иштеп чыгуу үчүн бир нече долбоорду «Бостон Консалтинг Групп» компаниясына сунуш берүүгө макул экендигин билдирди.
Мындан тышкары, «Бостон Консалтинг Групп» компаниясы менен кызматташуунун конкреттүү форматын иштеп чыгуу жана практикалык, узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктү түзүү максатында сүйлөшүүлөр жүрдү.