Министр Талантбек Солтобаев Сафаровка-Барпы жолунун курулушун текшерди
- 37 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобоев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында министр Сафаровка–Барпы автоунаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт.
Министр курулуш иштеринин жүрүшү солгун болуп жатканын белгилеп, подрядчы компанияга жумуш темпин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы