mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Талантбек Солтобаев   Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушун  презентацияларды

Министр Талантбек Солтобаев   Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушун  презентацияларды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жеринде министр Талантбек Солтобаев аталган жолдун реконструкциялоо долбоору тууралуу айтып берди.

Учурда, подряддык компания тарабынан 0-38 чакырымдар аралыгында  жолду кеңейтүү, бак-дарактарды алуу жана  жолдун негизи даярдоо иштери жүрүп жатканын баса белгиледи министр.

Белгилей кетсек, Каракол – Эңилчек  жолдун узундугу 105 кмди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө. 

Министрликтин маалымат кызматы