mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Сыргабаев Ысык-Көлдөгү жол оңдоо иштерин күтүүсүз текшерип барды

27-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
 
Сыргабаев «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 4-5-чакырым аралыгындагы темир жол менен унаа жолдун кесилишинде салынып жаткан өтмөктүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Жумуш иштери аяктоо алдында турат.
 
Министр саатына 240 жана 180 тонна асфальт-бетон чыгарган заводдордун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бүгүнкү күндө заводдор аталган унаа жолдун 0-71-чакырымдар аралыгына асфальт-бетон чыгарууда.
 
Андан соң, министр көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды. Азыркы тапта Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 17-чакырымында көпүрө салуу жумуштары 70 пайыз аяктаганы маалым болду. Ошондой эле аталган жолдун 56-чакырымына узуну 6, туурасы 3 метр көпүрө салуу мерчемделүүдө.
 
Ведомство жетекчиси Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 38- 71-99- чакырымдарындагы асфальт басуу иштерин барып көрдү. Министр тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, эскертүү берүү менен жумушту тездетүүнү тапшырды.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы