Министр Сыргабаев уруксат кагазын берген пунктка барып, кырдаалды көзөмөлгө алды
- 21 просм.
7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 354-чакырымында жайгашкан Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин эл аралык уруксат кагаздарын берүү пунктунда жаралган кырдаалга байланыштуу Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Министр жеринде айдоочулар менен жолугуп, көйгөлөрүн угуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кырдаалды көзөмөлгө алган министр Абсаттар Сыргабаев узун кезек жаралбаш үчүн күнү-түнү нөөмөт түзүү керектигин айтып, Кытайга уруксат кагаздарын берүүгө кошумча терезелерди ачуу менен жүк ташуучуларга шарттарды түзүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле электрондук уруксат кагаздарын берүү боюнча тиешелүү иштерди алып баруу керектигин кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарга уруксат кагаздарына байланыштуу жарыяланган видео боюнча министрдин тапшырмасы менен комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрөт.
Белгилей кетсек, аталган пункт азыркы тапта штаттык режимде иштеп жатат, кезек күткөн айдоочулар жок.
Уруксат бланктарын алууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, төмөнкү телефондорго чалуу керек:
+996 554 330 191;
+996 550 347 777;
+996 555 218 898.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы