mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Сыргабаев кызматка дайындалгандан бери кандай көрүнүктүү иштер жүзөгө ашып жатат?

Абсаттар Сыргабаевдин Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына расмий киришкенине 3 айдан ашты. Албетте, бул убакыт аралыгы кандайдыр бир иштердин толугу менен аягына чыгышына жетишээрлик убакыт эмес. Бирок, башталыш жана алган багыт боюнча кеп кылып, аткарылган иштерди төмөндө тизмектейбиз…

 МАКУЛДАШУУЛАР ЖАНА КЕЛИШИМДЕР

Бул аралыкта транспорт тармагында кызматташтыкты бекемдөө максатында бир катар келишимдерге жетишилип, макулдашууларга кол коюлду.

8-августта Астана шаарында «Борбор Азия мамлекеттеринде транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

26-сентябрда “Кыргыз-Кытай достук көпүрөсү” боюнча Макулдашууга кол коюлду.  

28-сентябрда Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы ачылды.

21-октябрда Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташуулар боюнча макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

ОҢДОЛГОН ЖОЛДОР

Бүгүнкү күнгө карата 1000 кмден ашык жолдор оңдолду, анын ичинен 800 км жолго асфальт төшөлүп, коюлган план ашыгы менен аткарылды. Кыргызстандагы эң узун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштери аяктап, 2025-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда.

Эпкин-Баш-Кууганды тилкесинде асфальт төшөө иштери аягына чыкты. “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктуна барчу 58 км убактылуу жол курулду. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автожолунун 40 км узундугуна асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Түп-Кеген автожолунун курууда алгылыктуу жумуштар жасалды. Караколдогу Иса Күчүков көчөсүнүн 3,6 чакырымына жаңы асфальт басылып, пайдаланууга берилди. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Зардалыга жол салуу боюнча кызуу даярдыктар башталды. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 19 чакырымына асфальт басылып, колдонууга берилди.

ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ

Жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында министрликтин техникалык базасы толукталып, Жол фондуна топтолгон каражаттын эсебинен дагы 453 атайын техника сатып алынды.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында министр Сыргабаевдин тапшырмасынын негизинде Сосновка постунда QR-код аркылуу накталай эмес төлөм системасы ишке киргизилди. Төө-Ашууга кошумча камералар орнотулду.

КУРУЛУШУ АЯКТАГАН КӨПҮРӨЛӨР

Өлкө аймагында жалпы 23 көпүрө куруу пландалса анын 15и колдонууга берилди. Иш токтоп, курулушу көп жылдарга созулуп кеткен көпүрөлөр да министрдин талабы менен белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү.

ЭЛ МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШ

Министр региондорду кыдырып, жол иштеринин аткарылышын жеринен көзөмөлгө алган учурлар арбын. “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жалпы 100дөн ашуун жаранды кабыл алып, айрым маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды койду. Ошол эле учурда ЖМКлар менен тыгыз иш алып барылып, министрликтин ишмердүүлүгү, жасалып жаткан ири долбоорлор тууралуу коомчулукка байма-бай маалымат жеткирилүүдө.

ТРАНСПОРТТУК КӨЗӨМӨЛ

Транспорттук көзөмөл күчөтүлүп, бюджетке чегерилген сумма 112 млн сомду түздү. Сапаттуу жол  жол белгилерин чыгарууга басым жасалууда. Бүгүнкү күнгө карата 13 миң жол белги чыгарылды. Аймактарда эскирген белгилерди алмаштыруу активдүү жүрүүдө.

Калың элдин каттамын жеңилдетип, жакшы шарт түзүп берүү максатында «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкесинде 525 миң чарчы метр аянт асфальтталды. Аймактардагы автобекеттерди оңдоо жумуштары жолго коюлуп, жаңылоо иштери жүрдү. Туристтик жайларга жете турчу жолдор жакшырып, пансионат, санаторийлерге баруучу жолдор асфальтталды.

Жогоруда тизмектелген иштер албетте өлкө жетекчилигини колдоосу жана жолчулардын талыкпас эмгеги менен аткарылды. Жалпысынан алганда, жол-транспорт тармагын жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылууда, бул чек эмес алдыда дагы бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу милдети турат. Мындан тышкары, жол тармагын эффективдүү башкаруу үчүн реформа күтүлүүдө.