mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Сыргабаев жарандарды кабыл алып, суроо-талабын укту

 
Бүгүн, 28-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
 
Жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн негизги маселелер — жолдорду, көпүрөлөрдү куруу.
Сыргабаев жарандардан түшкөн бардык кайрылуулар тыкыр каралып чыга турганын баса белгилеп, айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
 
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев «Коомдук кабылдама» аркылуу жазылган жарандарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууда.
 
 
Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 31 49 22
 
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы