Министр Сыргабаев айдоочулар менен биргеликте жүк ташуудагы актуалдуу маселелер менен көйгөйлөрдү талкуулады
- 113 просм.
Бүгүн, 15-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жүк ташыган айдоочулар жана эл аралык жүк ташуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, жыйын өткөрдү.
Эл аралык автомобилдик ташууларды аткарган айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жасалып жаткан иштер, электрондук уруксат кагаздарын берүү боюнча маалыматтар берилди.
Жыйында жүк ташуудагы актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр ачык талкууланды. Айдоочулар буга чейин ушул өңүттөгү жолугушуулар болбогонун баса белгилешип, министрге ыраазычылык билдирүү менен бир катар маселелерди чечип берүүнү суранышты.
Ал эми ведомство жетекчиси Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жыйында көтөрүлгөн айрым маселелерди чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, учурда кыргыз автоташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында 40тан ашык өлкө менен кирип-чыгуу, жана транзит аркылуу өтүүгө уруксат кагаздары алмашылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы