mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Абсаттар Сыргабаев жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 12-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

Баарлашуунун жүрүшүндө министр жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту. Ал эми кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Сыргабаев айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев ар аптанын бейшемби күндөрү саат 15:00дон 17:00го чейин жеке кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алат.

Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 31 49 22

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы