Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 22 просм.
Бүгүн, 14-март күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Тазалык иш-чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын администрациясынын тапшырмасынын негизинде
2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин
санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча
ишембиликтер уюштурулмакчы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы







