Министрликтин жарандык коргонуу абалы бааланууда
- 112 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча комплекстик текшерүү, түшүндүрүү иш-чарасы башталды.
Алгач Жарандык коргонуунун Транспорт кызматынын курамы жана министрликтин кызматкерлери менен жыйын өткөрүлүп, курам менен министрдин орун басары Бекназар Базаралиев тааныштырды.
Андан соң ӨКМ тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өрт коопсуздугу, алдын алуу чаралары жана иш-кагаздар түрүндө жүргүзүлгөн жумуштардын практикалык жактан аткарылышы текшерилди.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара 6-ноябрга чейин уланат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы