Министрликтин алдындагы “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү кызматтык унаалар алгачкы ирет тапшырылды
- 49 просм.
Бүгүн, 24-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү кызматтык унааларды тапшырды.
Ведомство жетекчиси жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жана жол тейлөө иштеринин сапатын жогорулатуу максатында берилип жатканын баса белгиледи.
Азыркы тапта ишканага ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан 15 даана JAC үлгүсүндөгү пикап жана 1 даана Chevrolet Tracker жеткирилди. Жакын арада дагы кошумча 10 даана унаа алынат. Ушундай эле кызматтык унаадан 28 даана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына дагы берилет.
Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы