Министрликтин алдындагы “Кыргызавтожол-түштүк” мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү кызматтык унаалар тапшырылды
- 121 просм.
31-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына жаңы үлгүдөгү кызматтык унааларды тапшырды.
Ведомство жетекчиси жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жана жол тейлөө иштеринин сапатын жогорулатуу максатында берилип жатканын айтты.
Ишканага ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан 28 даана унаа берилди. Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды.
Мындан тышкары, министр капиталдык оңдоодон өткөн ишкананын имаратынын ачылыш аземине катышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы