Министрликте жаңы дайындоо
- 9 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Маалыматтык саясат секторунун башчысы болуп Динар Турдугулова дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министр Талантбек Солтобаев кол койду.
Динар Турдугулова 2008-жылы Бишкек Гуманитардык университетин журналистика адистиги боюнча жана 2021-жылы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын бүтүргөн.
— Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
— Маданияттын мыкты кызматкери.
* 2005-2015-жылдары “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде кабарчы, парламенттик кабарчы, баяндамачы, саясий бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген.
* 2015-2017-жылдары “Сентябрь” телекомпаниясында журналист, редактор;
* 2017-2021-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинде улук консультант;
* 2022-2023-жыл аралыгында “Айыл Банк” ААКсында маалымат-катчы;
* 2023-2025-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинде эксперт, депутаттын консультанты болуп эмгектенген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
