Министрликте жарандарды эвакуациялоо боюнча окуу-машыгуу иш-чарасы өттү
- 36 просм.
Бүгүн, 30-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жарандарды эвакуациялоону уюштуруу боюнча окуу-машыгуу иш-чарасы өттү. Анын алкагында сирена сигналы жаңырып, кызматкерлер тез жана уюшкандыкта имараттан чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эвакуациялоону өз убагында уюштуруу көндүмдөрү аткарылып, жер титирөө болгон учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча билимдер бекемделди.
Окуу-машыгуу иш-чарасы министрликтин борбордук аппаратында жана ага караштуу мекеме, ишканаларда өткөрүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы