mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликке 8 айда 339 кайрылуу келип түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин (22-августка чейин)  жарандардан жалпы 339 кайрылуу келип түштү. Анын 133ү транспорт тармагына байланышкан маселелер тууралуу болсо, 142си жолго тиешелүү арыз, даттануу жана сунуштар болду.

Ал эми башка маселерге байланыштуу кайрылуулардын саны 64тү түздү.

Жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн негизги маселелер — жолдорду, көпүрөлөрдү курууга жана оңдоого, жаратылыш кырсыктарынан (сел, кар көчкү жб) кийин жолдорду тазалоого, чип карталарды алуу жол-жоболорун билүүгө, көрнөк-жарнак такталарын жана соода түйүндөрүн орнотууга көмөк көрсөтүүгө, жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, жарандардан түшкөн бардык кайрылуулар тыкыр каралып чыгат. Азыркы тапта алардын 12си аткарууда турса, калганына тиешелүү жооптор берилди. 

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды бекитилген графикке ылайык кабыл алып келет.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы