mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев Эл аралык транспорт академиясынын медалы менен сыйланды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Кыргыз темир жолунун 100 жылдыгына карата Эл аралык транспорт академиясынын медалы менен сыйланды. “П.П.Мельников” атындагы медалды академиянын президенти Виктор Досенко тапшырды.

Белгилей кетсек, министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев эмгек жолун “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан баштап, бул жаатта бир топ жыл эмгектенген.

Эске салсак, буга чейин аталган сыйлык “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин башкы директору Азамат Сакиевге да ыйгарылган. Ошондой эле, 100 жылдыкка карата академиянын атынан атайын белек (памятный знак) берилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы