mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсынын административдик имаратынын курулушу  менен таанышты

2026-жылдын 19-январында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсынын административдик имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар курулуш-монтаждоо иштеринин учурдагы этабы, долбоордук чечимдердин сакталышы, ошондой эле белгиленген мөөнөттөргө жана курулуш нормаларынын талаптарына шайкештиги менен таанышты. Айрыкча коопсуздук техникасына, инженердик инфраструктуранын абалына жана объекттин курулуштун кийинки баскычына өтүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу жума сайын өтүүчү жыйындын кезектеги отуруму болуп, курулушта келип чыккан көйгөйлүү маселелер талкууланып, чечүү жолдору белгиленди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы