Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев көпүрөнүн курулушу менен таанышты
- 344 просм.
Бүгүн, 16-августта Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунун Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты.
Абсаттар Сыргабаев жеринде подрядчы фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, башталган ишти белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрүү тапшырмасын коюп, эскертүү берди.
Белгилей кетсек, азыркы тапта көпүрөнү салууга даярдыктар көрүлүп, жер жумуштары жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




