Манас–Багыш автожолунун курулуш иштери активдүү жүрүүдө
- 18 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын тарабынан жол куруу иштери уланууда.
Учурда Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жалпы узундугу 12 чакырым 400 метрди түзгөн бул жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда.
Учурда курулуштун алкагында эски темир жол конструкциялары алынып, жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Адистер тарабынан бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз нугунда аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, аталган автожол 4 тилкелүү болуп курулат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы