mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 18-ноябрында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Б.Базаралиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарада КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев мамлекеттик тилдин санарип чөйрөсүндө колдонулушу, анын өнүгүүсү жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Жыйын суроо-жооптор жана талкуулар менен коштолуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Өз сөзүндө, М.Мураталиев конституциялык Мыйзамдын жана мамлекеттик тил тармагындагы башка мыйзамдык актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана көзөмөл иштери Улуттук комиссия тарабынан системалуу түрдө жүргүзүлөрүн белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Б.Базаралиев Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан тил маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатқанын белгилеп, мекемеде жазылган каттардын дээрлик бардыгы мамлекеттик тилде — кыргыз тилинде даярдаларын айтты.

Министрликтин маалымат кызматы