Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолу толугу менен август айында бүтөт
- 26 просм.
Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Узундугу 5,1 чакырымды түзгөн бул тилкеде учурда жол четине тротуарларды салуу, тосмолорду жана латокторду орнотуу, ошондой эле Чоң Чүй каналынан өткөн жолду ондоп-түзөө иштери аткарылууда.
Аны менен катар Жибек-Жолунан Чоң Чүй каналына чейинки 400 метр аралыкта жолдун негизги катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейүүдө.
Ошондой эле, долбоорго ылайык учурдагы көпүрө кеңейтилет жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, май айында толугу менен колдонууга берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
