Лебединовка-ГЭС 5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери 20- апрелге чейин уланат
- 29 просм.
Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда.
Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ.
Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.
Аталган кɵпүрɵдɵ курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Лебединовка-ГЭС5 автожолундагы 0-360м тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы