Көңүл буруңуздар! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдайт
- 28 просм.
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан “Ак-Жол” автобекети ЖЧКсы жана Батыш автобекетинин ишмердүүлүгү токтотулган.
Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча тескемеси чыккандыгын билдиребиз.
Ошого байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын тарапка жүргөн облус аралык каттамдар Алма-Ата көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык автобекетине которулду.
Батыш автобектинен батыш, түндүк батыш жана түштүк батыш тарапка кеткен кичи автобустук каттамдар Чүй облустуна караштуу Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында курулуп жаткан “Ак-Кула” ат майданынын жанына которулуп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автобекеттин иши толук алып барылууда.
Ал эми жол кире боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелеринин талаптарына” ылайык шаар четиндеги каттамдарда жол кире — жергиликтүү мамлекеттик администрация өкүлдөрү тарабынан бекитилет деп белгиленген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы