mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине карата Чолпон-Ата айланма жолу бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады.

4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Учурда ашыкча топуракты казып алуу жана ташып чыгаруу, демонтаждоо, темир-бетон буюмдарын даярдоо, жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, асфальт-бетон завод орнотуу пландалууда.

Аталган жолду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн»  подрядчы компаниясы менен келишим түзүлдү.

Белгилей кетсек, долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы