mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу: Пекин шаарында маанилүү Макулдашууга кол коюлду

2024-жылдын 6-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерлетүүдө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри кол коюшту.

Министр Тилек Текебаев долбоордун маанилүүлүгүн айтып, ал Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экономикалык жактан өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизерин баса белгиледи.

«Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу – тарыхый жана маанилүү окуя.

Президент Садыр Жапаровдун жана эки өлкө (Кытай, Өзбекстан) лидеринин саясий чечкиндүүлүгү аркасында сүйлөшүү процесси аяктап, техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып, долбоорду ишке ашыруу боюнча практикалык аракеттерге киришип жатабыз”, — деди министр.

Тилек Текебаев Президент Садыр Жапаров бул темир жолдун курулушуна өзгөчө маани берерин жана аны ишке ашырууда максималдуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Темир жолдун курулушу Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан, ошондой эле Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн эл аралык рынокко чыгуусуна эң кыска жол ачып, аймактын статусун жогорулатат. Ошол эле учурда Чыгыш Азиядан Түштүк Европа өлкөлөрүнө баруучу жол 900 чакырымга кыскарат. Бул жүк жеткирүү убактысын бир жумага үнөмдөөгө мүмкүндүк берип, жүк ташуу көлөмүн кыйла көбөйтөт деп болжолдонууда.

Темир жолдун курулушу региондор аралык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт, эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы