mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын  Ош облусу  боюнча аткарылган жол жумуштары

Ош облусу боюнча жалпысынан  Мамлекетик капиталдык салымдар беренесинин негизинде 20 км  жана орто ремонт иштери боюнча 9 чакырымга  асфальт төшөлду.  Учурда  «№5 Жол эксплуатациялоо ишканасы» филиалы тарабынан Ош облусундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 613- 614 чакырым аралыгында  ан-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө. Ал эми №16 ЖЭИ  Сары-Таш-Карамык,  авто жолунун 30-136 чакырымында жол белгилерин алмаштыруу иштери  уланууда.

 Учурда Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 28.0-28.8-чакырым аралыгында  асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. №37 ЖЭИ- ге караган Жийде-Ак-Тоок ( Бор-Баш а.) жана Тоо- Моюн-Осор-Жаңы-Арча автоунаа жолдорунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо иштери аяктады. № 44 ЖЭИна караган   Ноокат-Араван-Чекабад автоунаа жолунун 33,5-34 чакырымдар аралыгында жанан Ноокат-Араван-Т.Коргон  жолунда  асфальт төшөө иштери аяктады. Гүлчө-Корул-Суук- Добо- Ылай-Талаа жолунун 5-8 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери башталып, Ош- Төлөйкөн авто жолунун 7,4-9 чакырымында асфальт төшөө иштери аяктады. Жалпысынан 1,737 км басылды. Мындан тышкары Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда жол чийиндери чийилип,  учурда 850м2 аткарылды.

 Министрликтин маалымат кызматы