mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2017-жылдын 2 – майындагы № 162 “Кыргыз Республикасындагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрук

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 25-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын           3-мартындагы  № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2017-жылдын 2 – майындагы № 162 “Кыргыз Республикасындагы  автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу  жана аткаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы  автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу  жана аткаруу тартиби жөнүндө жобонун:

— II бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4, 5, 6-пунктчалар менен толукталсын:

«3) Автомобиль жолдорун долбоорлоого тапшырманын курамы Бажы бирлигинин «Автомобиль жолдорунун коопсуздугу» (ББ ТР 014/2011) техникалык регламентинин (мындан ары — техникалык регламент) автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелеринин талаптарына, анын ичинде зарыл болгон учурда байланыш курулмаларынын (линиялык-кабелдик) түзүлүшү боюнча талаптарга ылайык белгиленет.

Бул талаптар заказчы тарабынан санариптештирүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана/же профилдик бизнес-ассоциациялар менен макулдашуу боюнча аныкталат.»;

 “4) «Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууда электр байланыш тармагын келечектүү өнүктүрүү программасына ылайык келүүсүнө карата санариптештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорлонуучу автомобиль жолунун боюнда байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн орундар жана кесилиштер каралууга тийиш.

Байланыш курулмаларын жайгаштыруунун варианттары долбоордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик талаптарга жана экономикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык аныкталат.

Тар шарттарда байланыш курулмаларын жердин бетине орнотууга жол берилет.»;

 “5) Тапшырмадагы жумуштардын түрлөрү жана көлөмдөрү долбоорлоого тапшырманы бекитүүгө чейин аткарылууга тийиш болгон объекттерди техникалык текшерүүнүн, интенсивдүүлүктүн, жүк көп ташылгандыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруунун, байланыш курулмаларына зарылдыктын негизинде аныкталат.»;

«6) Автомобиль жолунун боюнда пландалган байланыш курулмаларынын курулушу кызыкдар жактар тарабынан транспорт жана коммуникациялар, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.

Алардын курулушу жана андан ары пайдаланылышы боюнча өз ара аракеттенүү маселелери келишимдик негизде жөнгө салынат.».

  1. Пресс-катчы К.Р. Досумбетов бул буйрукту «Эркин-Тоо» газетасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына, ошондой эле, кыргыз Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Б. С. Дыканбаев:

             — расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, бул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

             — ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

  1. Бул буйрукрасмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  2. Бул буйруктунаткарылышынконтролдооКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т. О. Солтобаевгежүктөлсүн.