mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри А.Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору А.Рустамова менен жолугушту

2024-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри А.Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору А.Рустамова жана ЕРӨБдүн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Балбай-Баатыр-Каракол тилкесин реконструкциялоо долбоорун 56,5 миллион еврого каржыланган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык процедуралар аяктаганын белгилешти. Учурда консультант-инженерди жана подряддык компанияны тандоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин демилгеси менен “Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун жана Чүй облусунун калктуу конуштарын реконструкциялоо” жана “Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо” долбоорлору талкууланды. Министр А.Сыргабаев эки долбоор боюнча ишти катарлаш жүргүзүү боюнча каалоосун билдирди.
Мындан тышкары «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу долбоору боюнча маселелер көтөрүлүп, аталган бул долбоорду ишке ашыруу боюнча бир пикирге келишти.

Жолугушуунун соңунда ЕРӨБдин Борбордук Азия жана Монголия боюнча аймактык директору Симоне Зе Атанасовскийдин катышуусунда маселелерди деталдуу изилдеп, чечүү үчүн кошумча жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашуу болду.

Министр А.Т.Сыргабаев түндүк айланма жолдогу долбоорду ишке ашырууда орун алган кыйынчылыктарга карабастан, өнөктөштөрдү бардык пайда болгон кыйынчылыктарды тез арада чечүүгө толук даяр экендигине билдирди.


Министрликтин маалымат кызматы