mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т.О. Солтобаев электрондук тахографка биринчи айдоочунун карточкасын тапшырды 

2024-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т.О. Солтобаев карточка даярдоочуга («Азия Тахо Карт» ЖЧК) биринчилерден болуп арыз берген айдоочу Т.Орозакуновго электрондук тахографка биринчи айдоочунун карточкасын тапшырды.

Өз кезегинде, Т.О. Солтобаев жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга таасир берген  электрондук тахографга айдоочунун картасын колдонуу жолу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин сакталуусу маанилүү экендигин белгиледи  жана Т.Орозакуновго бекем ден-соолук, ишине ийгиликтерди жана эл аралык автомобильдик ташууларды аткарууда транспорт каражатын коопсуз башкарууну каалады.

Айдоочу Орозакунов Т., мурда  эл аралык автомобильдик ташууларды аткаруучу кыргыз айдоочулары электрондук тахографка карталарды чет өлкөлөрдөн алышканын жана бүгүнкү күндө картаны Кыргыз Республикасынын территориясынан алууга шарт түзүлгөнүн айтты. Орозакунов Т., Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек , 2024-жылдын 10-июлунда карталарды даярдоочу жана берүүчү компаниянын кеңсесинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин өкүлдөрүнүн жана компаниянын кызматкерлеринин катышуусунда карталарды даярдоо боюнча презентация болду. Карталарды даярдоочу жана берүүчү компаниянын кеңсеси: Бишкек шаары, Горький көчөсү 1/8, 2-кабатта жайгашкан. 

Эми, эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруучу айдоочулар, ташуучулар, тахографтарды орнотуучу жана оңдоочу мастерлер  электрондук тахографтарга карталарды алуу үчүн компаниянын кеңсесине арыз беришсе болот. 

Белгилүү болгондой, 2021-жылы август айында Кыргыз Республикасы эки жылдык өткөөл мезгил менен Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна кошулган. (КР 2021-жылдын 22-майындагы №68 Мыйзамы).

ЕСТР макулдашуусун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштер жасалды.

Электрондук тахографка карталарды алуу боюнча толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан: https://asiatachocard.kg/ таанышса болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы