mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин (мындан ары- Транспорт департаменти) Баткен   аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын кадрлар резервине (мындан ары-кадрлар резерви) киргизүү үчүн инспектор кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар: Транспорт көзөмөлдөө пункту кызматынын инспектору;

 

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

 

— Автотранспорт жана жол тармагы жаатындагы жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юридикалык боюнча жогорку билими жана IT – технология боюнча жогорку билими;

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

 

— Иш стажына талаптар коюлбайт;

 

  1. Билүүсү керек:

 

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

 Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө” 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги   № 223 токтомун;

 

  1. Инспектордун функционалдык жөндөмү, милдеттери:

 

— Жүргүнчү жана эл аралык жүк ташуучу автотранспорттун иштешинде мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү;

— Жергиликтүү  өзүн өзү башкаруу  жана мамлекеттик органдар менен биргеликте өз компетенциясына ылайык иш жүргүзүү;

— Жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүү;

— Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;                                                                — Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;                                      — Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;        — Чыр чатак кырдаалдарды жөнгө салуу;                                                                          — Компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;

  1. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

 

— Конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган жеке  арыз (так көрсөтүлгөн кызматы);

— Кадрлар эсебке алуу жеке баракчасы;

— Өздүк көктөмө (личное дело);

— Резюме(байланыш номер жана электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (4) төрт даана;

— Өмүр баяны;

— Паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү;

— Эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин көчүрмөсү;

— Соттуулугу жок же бар экендиги жөнүндө аныктама (справка);

 

   Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер 2024-жылдын                          29-февралынан 15-мартына саат 0900дөн 1800гө   чейин кабыл алынат.

 

   Өздүгүн тастыктаган паспорт жана башка документтердин (түп нускасы) сынака катышканда суралат.

 

Дареги: Баткен  шаары М.Нургазиев көчөсү №92кв3, кошумча маалыматтар үчүн сурап билүү телефон номерлери  (03622) 5-12-10, +996776505657.