mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту Департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы транспорттук көзөмөл кызматына 1 ага тескөөчү  бош орунун ээлөө үчүн сынак жарыялайт

Квалификациялык талаптар.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

      — Автомобиль жана транспорт жаатындагы  техникалык  жогорку билим, жогорку   экономикалык жана юридикалык билим,  технология боюнча IT жогорку билим.

  • Стаж жана иш тажырыйбасы:

        — Иш стажы талап кылынбайт.

  • Билими;

      —  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

      —  Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодекси;

      —  Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

      —  Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамы;

      — Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө;

      —  Кыргыз Республикасынын Автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО 17-сентябрь 2018-жыл № 430;

     —  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  Кыргыз Республикасында автотранспорт  каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу 21-май 2015-жыл  № 31 токтом;

    —  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө 8-август 2011 жыл № 454 токтом;

   —  Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин Токтому  “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө”  14-апрель 2022-жыл №223 токтом.

  • Жөндөмү:

      — Кыргыз Республикасынын  башка ченемдик укуктук актылар автомобиль транспорту жана жол инфраструктурасы жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;

      — Жогорку жетекчиликтин  көрсөтмөлөрүн  жана тапшырмаларын  так  аткаруу;

      — Суроо талаптарга маалымат жүзүндөгү жооптордун документтерин сапаттуу даярдоо;

      — Тиешелүү тармактагы Ата Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада жүзүндө колдонуу;

      — кызматтык милдеттерди  натыйжалуу жана активдүү аткаруу.

        —  Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий  тилдерди билүү;

       — Маалыматты системалаштыруу жана жалпылоо боюнча талдоо жүргүзүү;

       — Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

       — Чыр чатак чыккан кырдааларды  чечүү;

       — Компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды   билүү.

Конкурска катышуу үчүн кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, 10 календардык күндөн кечиктирбестен төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Жеке арыз  (так көрсөтүлгөн бош орун кызматы);
  • Кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • Өздүк баракча (личный листок);
  • Сүрөтү   3×4  —  4 даана;
  • Резюме  (телефон номер жана электрондук почтаны  көрсөтүү менен);
  • Жеке барача;
  • Өмүр баян (автобиография);
  •  

— Аскердик билеттин көчүрмөсү;

— Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин жана дипломдун  көчүрмөлөрү  (иш стажы бар болсо);

— Соттолбогондугу жөнүндө тактама;

— Паспорт  көчүрмөсү   (оргинал документтер конкурска катышканда суралат).

Транспорт департаментинин  Жалал-Абад аймактык башкармалыгы.

Дареги : Жалал-Абад шаары  Ш.Абдраманов көчөсү 16 кабинет  №5.

2024-жылдын  12-апрелинен  22- апрелине чейин документтерди кабыл алынат.

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш телефондору:   (03722)   5-01-74, 5-22-21.