mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары

Өмүр баян

Момбеков Бактылуу Аскар уулу 1991-жылы 6- мартта Казак Республикасынын Алматы шаарында туулган.

Билим берүү

2010-жылдары – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Агротехникалык колледжинин Колдонмо геодезия кесиби;

2012-жылдары- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Финансы жана кредит адистиги;

2014-ж. – К. Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Укук таануу магистратура.

Эмгек ишмердүүлүгү

2013-2014- жылдыры- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспектирлөө башкармалыгы, Банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарды инспектирлөө бөлүмүнүн адиси;

 2014-2015-жылдары- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспектирлөө башкармалыгы, Банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарды инспектирлөө бөлүмү — Инспектор болуп иштеген;

2015-2016-жылдары- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспектирлөө башкармалыгы, айрым операцияларды экспертизалоо бөлүмүндɵ  Жетектөөчү инспектор;

2016-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору — Эксперт;

2019- жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Курулуш, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн Санариптик трансформация сектору — Сектордун жетекчиси.

2019-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Юридикалык экспертиза бөлүмү — Эксперти;

2021-2021- жылдары- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Курулуш, транспорт жана байланыш бөлүмү — Эксперти;

2021- жылы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы. Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү.

2021-2022-жылдары- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү эксперти;

2023-жылы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти

2026-жылдын 20 – февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары.