Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары
- 157 просм.
Өмүр баян
Жанибеков Улукбек Токтосунович 1981-жылдын 8- февралында Ош шаарында туулган.
Билим берүү
1998-2004- жылдары Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы Мамлекеттик архитектура – курулуш академиясынын Жол кыймылынын коопсуздугунун инженери.
2009-2010- жылдары КР Мамлекеттик башкаруу академиясынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – менеджер.
Эмгек ишмердүүлүгү
2006- 2008 — жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №21 Жол тейлɵɵ ишканасынын инжинери;
2008-2009 — жылдары Ош шаарынын мэриясы Шаар жолдор башкармалыгында I категориядагы адис;
2009- жылдары Ош шаарынын мэриясы Шаар жолдор башкармалыгында жетектɵɵчү адис;
2010-2012- жылдары- Ош шаарындагы жолдорду калыбына келтирүү боюнча мэриянын долбоорунун башкы инженери, координатору;
2013-2020- жылдары- Ош шаарынын мэриясы шаар жолдор башкармалыгынын башкы инженери;
2020-жылдары- «Сын-Таш» ЖЧКнын Аэродром курулушу боюнча консультант. Ош шаарынын аэропортунун объектиси.
2021-жылдары — Ош шаарынын мэриясы «Ош шаардык жолдору» МИ жетекчисинин орун басары;
2022-жылдары- Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкекасфальтсервис» МИ башкы инженери;
2025-2026-жылдары — Ош шаарынын мэриясы «Ош шаар жолдору» МИ жетекчисинин биринчи орун басары;
2026-жылдын 20- февралынан тарта Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.