Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары
- 124 просм.
Өмүр баян
Жаныбеков Тариэль Камалбекович 1978-жылы 4- ноябрда Исык-Кɵл облусунун, Жети- Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган.
Билим берүү
1995- 1999-жылдары- Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент факультетинин экономист менеджер кесибин алып чыккан.
2012-2016-жылдары- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Автомобиль жолдору жана аэродромдор» факультетинин инженери адистигине ээ;
Эмгек ишмердүүлүгү
2000-2001- жылдары- Ысык-Көл мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча регионалдык бөлүмүнүн жетектɵɵчү адиси;
2001-2002- жылдары – катардагы жумушчу;
2003-2013- жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №35 Жол тейлөө ишканасынын жол мастери;
2013-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №11 Жол тейлөө ишканасынын башчысы;
020-2021- жылдары- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №35 Жол тейлөө ишканасынын башчысы;
2022-жылы — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын башкы инженери;
2022-2023- жылдары- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
2023-2024- жылдары- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
2024-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору;
2024-жылдан 2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №4 Регионалдык бөлүмүнүн башчысы;
2026-жылы- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары;