mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасында электрондук тахографтарга карталарды даярдоо жана берүү

2021-жылы август айында Кыргыз Республикасы эки жылдык өткөөл мезгил менен Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна кошулган. (КР 2021-жылдын 22-майындагы №68 Мыйзамы).

ЕСТР макулдашуусун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштер жасалды.

Тиешелүү бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана  кабыл алынды

Кыргыз Республикасында электрондук тахографтарга карталарды даярдоо жана берүү үчүн Евробримдиктин Биргелешкен изилдөө борбору менен Кыргыз Республикасынын улуттук ачкычын алуу боюнча иш жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында сертификат алынды.  

Айдоочуларга, ишканага, тахографтарды орнотуу жана оңдоо боюнча сервистик борборго жана контролдоочу органга карталарды даярдоо жана берүү боюнча электрондук тахографтарга карталарды даярдоочу тарабынан тиешелүү сертификаттар алынды.

2024-жылдын 10-июлунда карталарды даярдоочу жана берүүчү компаниянын кеңсесинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин өкүлдөрүнүн жана компаниянын кызматкерлеринин катышуусунда карталарды даярдоо боюнча презентация болду. Карталарды даярдоочу жана берүүчү компаниянын кеңсеси: Бишкек шаары, Горький көчөсү 1/8, 2-кабатта жайгашкан.  

Эми, эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруучу айдоочулар, ташуучулар, тахографтарды орнотуучу жана оңдоочу мастерлер  электрондук тахографтарга карталарды алуу үчүн компаниянын кеңсесине арыз беришсе болот. 

Толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан: https://asiatachocard.kg/ таанышса болот.