mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз-Жапон «Достук» галереясы

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош унаа жолунун эң маанилүү тилкелеринин биринде кардан коргоочу галереянын курулушу толук аяктап, азыркы тапта кемчиликтерди оңдоо (дефектный период) мезгилинде турганын билдирет. Аталган галерея Чычкан капчыгайында жайгашып, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ишке ашырылган.

Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн галереянын узундугу 460 м, бийиктиги 8,6 м, туурасы 10,5 м түзөт.

Эске салсак, былтыр, 19-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки мырза баштаган коноктордун катышуусунда унаа жолдун 246-чакырымында орун алган галереянын салтанатуу ачылышы аземи өткөрүлгөн.

Учурда жабык галереянын кемчиликтерди оңдоо мезгили (дефектный период) өтүүдө. Эгер 2024-жылдын 31-октябрына чейин кемчиликтер аныктала турган болсо, подряддык компания өз эсебинен оңдойт.

Жолдун 246-чакырымында орун алган галерея кар көчкү учурунда айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз өтүүсүн гана камсыз кылбастан, эки өлкөнүн ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктык символун билдирет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы