Кыргызстан менен Россиянын Транспорт министрлери Протоколго кол коюшту
- 54 просм.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапарынын алкагында 2002-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда эл аралык автомобиль ташуулар боюнча Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен Россиянын Транспорт министри Роман Старовойт кол коюшту.
Аталган макулдашуу 2002-жылдан бери иштеп, Кыргызстан менен Россиянын аймагында катталган транспорт каражаттары менен эл аралык автомобиль ташуу маселелерин жөнгө салат.
Бул Протоколду кабыл алуу менен ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү сунушталууда. Муну менен бир катар редакциялык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Ошондой эле Сыргабаев менен Старовойт транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун максаты — эки өлкөнүн транспорттук комплекстерин өнүктүрүү кызыкчылыгында транспорт чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Тараптар кыргыз-орус билим берүү семинарларын, анын ичинде, видео-конференц-байланыш форматында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча бири-бирине көмөк көрсөтүүгө ниеттенишет:
— мультимодалдык ташуу;
— транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
— региондук жана шаардык транспорт системаларын өнүктүрүү;
-транспорт инфратүзүлүшун куруу жана башкаруу;
-транспорттук коопсуздук;
-транспорт укугу жана экономика;
-транспорттук экология;
— транспорт тармагын санариптештирүү;
-транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштык артыкчылыктарын аныктоо;
-интеграциялык мамлекеттер аралык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү.