mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча 2 күндүк семинар старт алды

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча 2 күндүк семинар старт алды. 5-6-июнга белгиленген иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын, Жол чарба департаментинин, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын, “Кыргыз жолтранс” долборлоо жана изилдѳѳ институтунун, министрликке караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери болуп жалпы 20га чукул ашык адам катышууда.

Консультанттын контракттарын башкарууга жана модификацияланган шагыл-мастикалык асфальт-бетон аралашмаларынын (ЩМА) негизинде асфальт жабууларын курууга арналган семинардын лектору жол тармагында 35 жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй инженер Приянка Налин Сеневиратне болду. Ал Азия өнүктүрүү банкында 17 жыл иштеп, 12 өлкөдө 2 миллиард доллардан ашык суммага транспорттук долбоорлорду башкаруу, баалоо жана даярдоо менен алектенген.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан иш-чара  контракттарды башкаруу, ФИДИК стандарттарынын негизинде типтүү келишимдер жана жол курулушундагы инновациялык технологиялар жаатында кызматкерлердин билимин жогорулатуу максатын көздөйт.

Соңунда семинарга катышкан кызматкерлер өтүлгөн материалды өздөштүрүү боюнча тест тапшырышат.  Анын жыйынтыгы боюнча окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификат алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин тренинг, семинар, окутуулар үчүн жылына 10дой кызматкерлер чет өлкөгө жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, ондогон кызматкерлерди окутуп жатышат. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулуп, 150гө чукул адам окуудан өттү.

Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан окутуулар үзгүлтүксүз уланмакчы.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы