mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Рысмендеев Прохладное айылынын тургундары менен жолукту

Министрдин орун басары Б. Рысмендеев Аламүдүн районунун Прохладное айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Аламүдүн мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Закирова Айгуль, Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу Транспорт департаментинин өкүлү Муланов Марат, Прохладное айыл башчысы Самудинов Улан жана Прохладное айыл  тургундары келишти.

 

 Айыл тургундары  Бишкек шаарынан Беш-Күнгөйгө чейин  келүүчү  Бишкек шаардык №51 автобустук каттамды Прохладное айылына чейин 5 чакырым жогору узартып берүүсүн карап чыгууну суранышты. Алар Аламүдүн базарынан бир эле №373 маршруттук каттам менен Үч-Эмчек айылына чейин бара алышаарын, аталган маршруттук каттам бекитилен рейстерди регулярдуу аткарбаганына байланыштуу эртең менен жана жумуштан кийинки убакта айылга же шаарга баруу өтө кыйынчылык жаратып жатканын белгилешти. Ошондой эле  №373 маршруттук каттамга киши толуп, батпай калгандыгына байланыштуу аялдамалардан токтобой өтүп кетээрин айтышты.

 

 Таш –Мойнок, Кой –Таш, Прохладное, Арашан айылынын эли Бишкек шаарынын 7-апрель – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жогорудагы айылдарга такси менен барууга мажбур болуп атканын, ал таксилер коомдук транспортко төлөнүүчү жолкиреге салыштырмалуу кымбат төлөөгө туура келип жатканын баса белгилешти.  Жогоруда айтылган бир катар маселелерди эске алып, № 51 автобусттук каттам Беш-Күнгөй айылынан Прохладное айылына чейин (5 чакырым) узартып берүүнү суранышты. Ал эми Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу Транспорт департаментинин өкүлү Муланов Марат учурда шаарда коомдук автобустар жетиштүү эмес экенин жана аталган айылдарга барчу жолдун шарты автобустарга туура келбегенин, шаар ичинде жүргөн автобустар түз жолго жүрүүгө гана арналганын айттып өттү.

 

Министрдин орун басары Б. Рысмендеев аталган жагдай көйгөйлүү маселе экенин эске алып, айыл тургундарынын жагдайын жакшыртууга шарт тузүү максатында №373 маршруттук каттамдын санын көбөйтүү маселесин кароону, каттамды тейлеген “ЧДК-Чүй-Транс” ЖЧКасынын башчысына жолдоду.

 

Маалымат ирээтинде айта кетсек: Прохладное айылынын тургундары буга чейин министрликке  кат түрүндө кайрылышкан, №373 маршруттук каттамы  рейстерди байма-бай аткарбай жатат деген кайрылуунун негизинде, 2024-жылдын 5-августунда Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору аталган маршруттук каттамды текшерип, эч кандай эреже бузуу болбогонун белгилешкен. Ошондой эле, №373 каттамдан тышкары Чыгыш автобекетинен жогорудагы айылдар аркылуу Алмалуу айылына  №318 каттам күнүнө 4 микроавтобус чыгып, 12 рейс каттап жатканын белгилешкен. Ал эми №51 автобустук каттам  Бишкек шаарынын Мэриясынын карамыгында экенин, КР ТжКМне караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан көзөмөлдө жок экенин маалымдашкан.

Жыйынтыгында, Министрдин орун басары Б. Рысмендеев Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу Транспорт департаментинин өкүлү М.Мулановдон эки жумананын ичинде шаардык №51, же болбосо №12 автобустук каттамын Прохладное айылына чейин узартуу маселесин кароону суранды. Ал эми Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине №373 жана №378 каттамдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Министрдин орун басары Б. Рысмендеев аталган жагдай көйгөйлүү маселе экенин эске алып, айыл тургундарынын жагдайын жакшыртууга шарт тузүү максатында №373 маршруттук каттамдын санын көбөйтүү маселесин кароону, каттамды тейлеген “ЧДК-Чүй-Транс” ЖЧКасынын башчысына тапшырды жана каттамдагы автобустарга GPS-маяк коюу менен информациялык тутумга киргизүү жагын карап, көзөмөлдү алууну тапшырды.

КР ТжКМ маалымат кызматы