КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү
- 91 просм.
2024-жыл 11-майында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Базаралиевдин төрагалыгы астында 2024-2028-жылдарга КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Ага КРдин Финансы министрлиги, КРдин эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясы, КРдин жол-куруучу компанияларынын ассоциациясы жана Жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды жана Министрликке караштуу республикалык бюджеттен каржыланган бардык мекемелер катышты.
Коомдук угуулардын жүрүшүндө кийинки чечимдер кабыл алынды:
- 2025-2029-жылдарга КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору коомдук угуунун жыйынтыгы менен жактырылды, мунун негизинде аталган долбоор жетекчиге жактырууга киргизүү сунушталды.
- КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2029-жылдарга Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору 2024-жылдын 13-майына чейин коомдук уугунун жыйынтыгы жана жетекчинин жактыруусу менен КРдин Финансы министрлигине жиберүүнү сунуштады.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы