Кочкор-Коммунизм жолундагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө
- 47 просм.
Кочкор—Коммунизм унаа жолунун 1+500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери улануда.
Бүгүнкү күндө бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат. Жаңы көпүрөнү салуу иштери жакынкы күндөрү аяктайт, андан соң асфальт басуу иштери аткарылат.
Көпүрө 3 пролеттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метр. Бул көпүрө аркылуу Кара-Тоо, Кум-Дөбө, Ак-Жар, Арзы жана башка ондогон айылдардан катташат.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев
2 -октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери менен жеринен таанышып, жумушту өз убагында бүтүрүү тапшырмасын койгон.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы