mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кочкор–Арал–Төө-Ашуу унаа жолунун 135–160-чакырымдагы кар көчкү тазаланды, жол ачык

Кочкор–Арал–Төө-Ашуу унаа жолунун 135–160-чакырым аралыгында (Арал–Кызыл-Ой участкасы) жааган кардан улам түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 2500 куб метрди түздү. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылып, жол кеңейтилди.

Жабыркагандар жок, жол кыймылы үчүн каттам ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы